2019 - жылы ЕАЭБден түшкөн бажы салымдардын көлөмү 16 млрд сомдон ашкан

29 января 2020, 09:05

2019 - жылы бажы салымдардын көлөмү 16.9 млрд сомду түзгөн. Анын ичинен 16 млрд 678 млн сом ЕАЭБге мүчө болгон мамлекеттерден келип түшкөн. Бул тууралуу финансы министрлиги билдирди. 

Маалыматка ылайык, 14.7 млрд сом - Орусиядан, 889 млн сом - Казакстандан, 883 млн сом - Белорусиядан, 172 млн сом - Армениядан келип түшкөн. 

Жалпысынан бажы төгүмдөрү 43.3 млрд сомду түзгөн.