Бажы кызматы салык планын аткарган жок

10 октября 2022, 16:28

Быйылкы жылдын тогуз айында Бажы кызматы 52 миллиард 895,2 миллион сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн камсыздады. Бул тууралуу Каржы министрлигинин сайтында маалымдалды.

Белгилеп кетсек, чогултулган төлөмдөрдүн көлөмү Каржы министрлиги тарабынан бекитилген пландын 81,61%ын түзөт (64,8 млрд сом).

Бирок, мекемеде баса белгиленгендей, салык өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 62,26%га көп (2021-жылы 32,6 млрд сом) чогултулуп, быйылкы жылы өсүү темпи 198,9%ды түздү.