Бажы кызматы жарандарга унаа салымдарынын 3.6 эсе жеңилдетилген сунушун берди

26 ноября 2019, 10:11

ЕАЭСке кирген мамлекеттер КР Өкмөтүнүн автоунааларга болгон бажы төлөмдөрүнүн жеңилдетилген мөөнөтүн узартуу тууралуу сунушун кабыл алган эмес. 2020—жылдын 1-январынан тарта ЕАЭС аймактарында бирдей бажы төлөмдөрү ишке кирет. Буга байланыштуу Мамлекеттик бажы кызматы жарандарга автоунаага болгон бажы салымдарынын 3.6 эсеге аз кантип алуу керек экендиги тууралуу маалымат берди. 

КР жарандары автоунааларды ташып келүү учурунда эки жол менен бажы аймагынан өтсө болот: 

Жеңилдетилген түрү жүргүгнчү бажы декларациясын, аз сандагы документтерди жана ЕЭКтин Кеңешинин 2017-ж 20-декабрындагы № 107 чечимине ылайык, бирдиктүү бажы төлөмүн көрсөтүү керек. 

Жалпылатылган түрү товарга болгон декларация жана ЕАЭстин Бажы кодексинин 108-беренесине ылайык керектелүүчү документтерди, ЕАЭС тарабынан бекитилген бирдей бажы салымдарын төлөө жана 12% кошумча нарк баасын тапшыруу  керектелет. 

М.: 2014-жылы чыккан ТOYOTA CAMRY үлгүсүндөгү автоунаа. Кыймылдатуучу көлөмү 2.5 миң куб см, баасы 10 миң  €

Жеңилдетилген түрү: 1 куб см 5 евродон бажы салымын жана салык төлөө керектелет. 

2.5 миң куб см х 5 евро = 12 миң 500 евро 

Жалпылатылган түрү: Бажы салымы - 20%, 1 куб см  0.44 евро 

Бажы салымы – 20%  10 евродон,  2 миң евро төлөө керектелет. 

Кошумча нарк салымы (НДС) 

10 миң + 2  миң  х 12 % = 1 миң 440 евро

Жыйынтыгы: 3 миң 440 евро