Кыргыз-казак чек арасынан күнүнө төрт жүк ташуучу унаа өтүүдө

3 ноября 2022, 12:25

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы бажы күнүнө 3-4 жүк ташуучу унааны гана өткөрүүдө. Бул тууралуу депутат Мурадил Сыдыков парламент жыйынында билдирди.

Депутат тийиштүү комитетке оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары жана транспорттук-логистикалык ишканалардан арыздар түшүп жатканын айтты.

“Кыргызстан менен Казакстандын аймагында жүк ташуучу унаалар көпкө кармалууда. Жүзгө жакын жүк ташуучу унаа топтолуп калды. Алардын айрымдары бир айдан бери токтоп турат”, - деди ал.

Ал маселени өкмөт башчыларынын деңгээлинде чечүүнү сунуштады.