Бажы кызматы 8 млн сомдук мыйзам бузууларды аныктады

2 февраля 2023, 12:57

Контрабанда жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү боюнча башкармалыгы бажылык мыйзам бузуу фактысын аныктап, келтирилген зыяндын суммасы 8 миллион сомдон ашкан. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди.  

Маалыматка ылайык, текшерүүлөрдүн жүрүшүндө Европадан ЕАЭБдин (Кыргызстанга) аймагына “Б.В.Р.” ЖЧКсына 10 даана атайын “Volvo” унаасы алынып келинген.

“Жүк ташуу документтерин изилдөөнүн жүрүшүндө аталган компания тарабынан ТН ВЭД товардык коду жөнүндө ишенимсиз билдирилген маалымат фактысы аныкталган. Мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 8 млн 813,4 миң сомду түздү”, - деп белгилешти Бажы кызматы.

Бул мыйзам бузуу фактысы боюнча чогултулган материалдар процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди.