Аткезчилик жол менен ташылып келген ноутбуктар жана баш кийимдер аныкталды

17 февраля 2020, 14:15

Аткезчилик жол менен ташылып келген ноутбуктар жана баш кийимдер кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан Баткен областындагы Жаштык айылында Х.Н.Ш аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы «Мерседес-Бенц спринтер» үлгүсүндөгү транспорт каражаты токтотулуп текшерилген.

Унаанын жүк бөлүгүн текшерген учурда чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы баасы 2 754 000 сомдук төмөнкү оргтехникалар жана эл керектөөчү товарлар табылган.

«ACER» үлгүсүндөгү ноутбук - 90 даана;

«Lenovo» үлгүсүндөгү ноутбук - 8 даана,;

«HP» үлгүсүндөгү ноутбук - 20 даана;

Баш кийим – «Americanstyle afny» үлгүсүндөгү баш кийим - 1 000 даана.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Ош облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилди.