Ош шаарында бажы кызматкерлери дээрлик 13 тонна контрабандалык жүктү кармашты

24 декабря 2020, 14:20

 

Ош шаарындагы Түштүк-Батыш бажысынын кызматкерлери жалпы салмагы дээрлик 13 тонна болгон кургатылган жемиштерди мыйзамсыз ташуу фактысын аныкташты, деп билдирди аталган башкармалыктын басма сөз кызматы.

"Унаанын жүк салуучу бөлүгүн текшерүү учурунда товарлар - кургатылган жемиштер табылды, жалпы салмагы 12,9 тонна. Алар ЕАЭБдин бажы мыйзамдарын бузуу менен коңшу мамлекеттен алынып келинген. Товардын жалпы наркы 1 миллион сомдон ашты", - деп белгилешти мекемеден.

Бул факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Чогулган материалдар тергөө амалдарына өткөрүлүп берилди.