Электр энергиясына баа дүйнөдөгү эң төмөн тарифтердин бири - Кожогулов

7 июня 2021, 13:00

Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы электр энергиясынын социалдык багыттагы тарифтери дүйнөдөгү эң төмөн тарифтердин катарына кирет жана энергетика тармагын өнүктүрүү жана энергетика тармагын реформалоо боюнча капиталдык программаларга жетиштүү инвестиция салууга жол бербейт. Мындай пикирди Кыргызстандын энергетикасы талкууланган жыйында Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Нурдин Кожогулов билдирди.

Анын айтымында, энергетикалык компаниялардын карыздык милдеттенмелеринин суммасы болжол менен 129,1 млрд сом. Ошол эле учурда, колдонуудагы тарифтер боюнча электр энергиясын сатуудан түшкөн каражаттын көлөмү энергетикалык компаниялардын насыялары жана учурдагы чыгымдары боюнча төлөмдөрдөн аз.

“Орточо белгиленген тариф электр энергиясынын өздүк наркын жаппайт, ал 2020-жылы 1 киловатт-саат электр энергиясына эки сомдон ашты. Ошентип, энергетикалык компаниялар чыгымдарды оптималдаштырууга аргасыз болушууда. Бирок, чыгымдарды мажбурлап кыскартуу жана оңдоо иштеринин жана капиталдык салымдардын толук каржыланбай калышы авариялардын жана өчүрүүлөрдүн көбөйүшү сыяктуу көрсөткүчтөр боюнча терс натыйжаларга алып келиши мүмкүн”, - деди Кожогулов.

Ошондой эле, ал буга байланыштуу учурдагы орто мөөнөттүү тарифтик саясатты кайра карап чыгып, субсидия алуучулардын чөйрөсүн кыскартуу зарылдыгын кошумчалады.

"Социалдык тарифти калктын чындап эле муктаж катмарына жана бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына гана колдонуу керек, ал эми калган бардык шарттарда экономикалык жактан негизделген тарифти колдонуу максатка ылайыктуу", - деди Нурдин Кожогулов.