Газдын тарифтери орто эсеп менен 2,7%га жогорулады

19 января 2023, 11:04

Кыргызстанда жаратылыш газынын тарифи январь айында декабрь айына салыштырмалуу калк үчүн 2,35%, өнөр жай ишканалары үчүн 3%га кымбаттады. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” ишканасынын маалымат борборунан “Акчабарга” билдиришти.

Ушул жылдын январь айына карата калк үчүн 1 куб метр газдын баасы 18,70 сомду, өнөр жай ишканалары, коммерциялык түзүмдөр жана бюджеттик уюмдар үчүн 22,70 сомду түздү.

Белгилей кетсек, жыл ичинде калк үчүн тарифтер 3,54%га, ал эми өнөр жай ишканалары үчүн 4,18%га жогорулап, 2022-жылдын январь айында тиешелүүлүгүнө жараша 18,06 сом/куб жана 21,79 сом деңгээлинде болгон.