Тарых музейи расмий ачылгандан бери 2 млн 123 миң сом түштү
Улуттук тарых музейи ачылгандан бери 2 млн 123 миң 200 сом түштү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министри билдирди.
Азамат Жаманкулов кошумчалагандай музейге 2021-жылдын декабрь айында 22 миң 500 адам кирген. Бүгүнкү күндо тарыхый жайда 4 миң 500 экспонат бар.
Эске салсак, Бишкектеги Улуттук тарых музейи бир топ жылдык оңдоо иштеринен кийин 19-ноябрда салтанаттуу ачылган.