Ташиев: УКМК 3 айда бюджетке 3 млрд сомдон ашык каражат алып келди

3 февраля 2021, 13:35

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы 2 айда бюджеттен уурдалган 3 млрд сом каражатты кайтарды. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев ЖК бүгүнкү жыйынында билдирди.

 

«УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы 2020-жылдын 10 ай ичинде 116 млн сом бюджетке кайтарган. Ал эми биз 2 айда 3 млрд сом каражатты кайра бюджетке кайтардык. Январь айында жарым млрд сомдон ашык каражат келди. Эгерде коррупция менен кызматташкан адам, бюджетке чыгашасын кайра кайтарса, биз аларды тергөө менен кызматташты деп, эркиндикке чыгара алабыз», - деп жооп берди Ташиев.