Тазабек Икрамов Баткендеги кредиторлорго каникул берүүнү суранды

13 октября 2022, 10:35

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов парламенттик жыйында Баткен облусундагы кредиторлорго банктык эс алууларды берүүнү суранды.

Анын айтымында, буга чейин банктардан насыя алган Баткендин тургундарынан кайрылуулар түшүп жатат. Алар каникул берүүнү суранышууда. 

"Чек арадагы соңку окуялардан улам көптөгөн жарандарыбыз үй-жайсыз калып, үй-мүлкүн таштап, качууга аргасыз болушту", - деди Икрамов.

Эл өкүлүнө региондун төрт айылынын тургундары кайрылышкан.