Икрамов Ички иштер министрлигинен кооперативдерди текшерүүнү талап кылды

3 ноября 2022, 15:39

Парламент жыйынында депутат Тазабек Икрамов Ички иштер министрлигинен кооперативдерди текшерүүнү талап кылды.  

Анын айтымында, кооперативдер каттоодон өтүшү керек. Анткени алар үй сатып алабыз, жарандардан акча алабыз деп мамлекеттик деңгээлде алдамчылык менен алектенүүдө.

“Ички иштер министрлиги мунун баарын көрүп жатат. Жада калса аларды колдойт. Аларды жабалы, токтотолу. “Береке” кооперативинин жетекчиси бошотулду, анын айынан миңдеген адамдар ыйлап жатат”, - деди ал.