Таза алтын куймалардын баасы 60 $ арзандады

11 ноября 2020, 10:00

Улуттук банктагы таза алтын куймалардын баалары арзандады. 6-11-ноябрда кайра сатып алуунун баасы 172 миң 791 сомго төмөндөгөн. Бул маалыматты регулятор билдирди.  

Эске сала кетсек, унциянын кайра сатып алуу баасы 6-ноябрда 177 миң 779 сомду түзгөн. Муну менен катар, төмөндөө 2.8% же 4 миң 988 сомду түзгөн. 

Кошумчалай кетсек, «Акчабардын» буга чейинки сурамжылоосунда, капиталды баалуу металл менен сактаган эң ыңгайлуу болору маалым болгон. Себеби, баалуу металл бир жыл ичинде 49.5% жогорулайт.