«Тазалык» ишканасы айдоочуларды жумушка чакырат

2 апреля 2024, 09:30

"Тазалык" муниципалдык ишканасына тажрыйбалуу айдоочулар керек. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, 20-25 айдоочу резервдик бригадага кабыл алынат. Айлыгы 25 миң -30 миң сомдон башталат.

Белгилей кетсек,  2023-жылдын март айынан тарта айдоочулардын эмгек акысын алардын жыйынтыгына жараша төлөй баштаган.

Бардык суроолор боюнча 0312 34 00 21, 0555 774 098 телефон номуру, ошондой эле Ала-Арчинская көчөсү, 74а дарегине кайрылсаңыздар болот.