«Тазалык» ишканасы карыздар тургундардын үйүн кыдырууда

30 ноября 2023, 09:55

"Тазалык” ишканасынын кызматкерлери карызы барлардын үйлөрүн кыдырып, дарбазаларына жана тосмолоруна “Тазалык сенден башталат”  деген жазууларды чаптоодо. 

Мэрия билдиргендей, мындай рейддер Бишкектин төрт районунда жума сайын өткөрүлөт. 

Жарандардын жана чарбалык субъектилердин муниципалдык ишканага болгон карызы бүгүнкү күндө 185 млн сомдон ашты. Рейддин жүрүшүндө 120 абонент 181 миң 153 сом карызын төлөштү. 

“Тазалык” кызматкерлери биринчи кезекте таштанды чыгаруу кызматына бир жылдан ашык акча төлөбөгөн тургундардын үйлөрүнө барышууда.