«Тазалык» ишканасына Бишкекти кардан тазалоо үчүн техника алынды

1 января 2024, 11:07

Борбор калаанын көчөлөрүн кардан тазалоо үчүн атайын техникалар сатылып алынды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сатып алуу үчүн каражат мэриянын резервдик фондунан бөлүнгөн. 

“Кургандормаш” ААК (Орусия) чыгарган “Беларусь” тракторлорунун жана кичи жүктөгүч унаалардын биринчи партиясы борборго алынып келинип, ишке киришти.