«Тазалык» ишканасынын кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлдү

8 февраля 2023, 15:32

Бишкек мэриясына караштуу "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин айлыгы жогорулады. Бул тууралуу Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Дайырбек Орунбеков өзүнүн “Фейсбук” баракчасына жазды.

Анын айтымында, буга чейин “Тазалыктын” кызматкерлери 12 миң сом эмгек акы алса, эми  жумуш көлөмүнө жараша 22 миңден 30 миң сомго чейин алышат.

“Бул тармакта көбүнесе улгайган жарандар иштейт. Таң эрте көчө тазалап, ат көтөргүс эмгек кылышат. Калаанын тургундары тазалыктын кызматкерлеринин эмгегин сыйлап, көрүнгөн жерге таштанды ыргытпайлы”, - деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, буга чейин мэрдин орун басары Жыргалбек Шамыралиев таштындыга болгон тариф арзан экенин, “Тазалык” ишканасынын чыгымын жаппай жатканын билдирген. Ал тариф кымбаттаса муниципиалдык ишкананын кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлөрүн белгилеген.