"Тазалык" ишканасы күйүүчү майды 8 млн сомго сатып алат

10 мая 2021, 09:40

"Тазалык" муниципалдык ишканасы күйүүчү май сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтында маалымдалды.

Тендердин жалпы суммасы 8 миллион 414 миң сомду түзөт.

Техникалык тапшырмага ылайык, 5.2 миллион сом дизелдик отун сатып алууга, калган акча АИ-92 бензинин сатып алууга жумшалат.