«Тазалыктын» көчө шыпыргычтарынын эмгек акысы 40%га жогорулайт

3 марта 2021, 17:00

«Тазалык» муниципалдык кызматынын көчө шыпыргычтарынын эмгек акысы 40%га март айынан тарта жогорулайт. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Билдирүүдө айтылгандай, ай сайын өз ишин сапаттуу аткарган көчө шыпыргычтарга айлыгынын 30% өлчөмүндө сый акы берилип турат.

Ошондой эле 8-мартка карата «Тазалыктын» айым кызматкерлерине сый акы берилери айтылат.