«1000 мелочей» быйылкы жылдын I кварталын 1,1 млн сом жоготуу менен аяктады

13 мая 2022, 09:18

“1000 мелочей” соода үйү ушул жылдын биринчи кварталын 1 миллион 104,1 миң сом чыгым менен жыйынтыктады. Мындай маалыматты компания Кыргыз фондулук биржасынын сайтында жайгаштырылган кварталдык отчетунда берди.

Белгилеп кетсек, кварталдын башында соода үйүнүн чыгымы 3 млн 465,2 миң сомду түзгөн. Ишкана 2 миллион 361,1 миц сомдук зыяндын ордун толтурууга жетишкендигин эске алсак, “1000 мелочей” дүкөнү үчүн быйылкы жылдын алгачкы үч айы ийгиликтүү болду деп корутундулоого болот.

Кошумчалай кетсек, 29-апрелде соода үйүнүн акционерлеринин жылдык жалпы чогулушу болуп өттү. Анын жүрүшүндө баалуу кагаздардын ээлери аткаруу органынын 2021-жылга отчетун, жылдык балансын, 2021-жылга пайда жана чыгашалар эсебин жана коомдун 2022-жылга жылдык бюджетин бекитишти.

Мындан тышкары акционердик коомдун директорлор кеңеши шайланып, анын курамына беш адам кирди.