УКМК: Ош ЖЭБинин жетекчилиги ишкерлерди жылуулукка мыйзамсыз туташтырган

19 февраля 2021, 11:20

Ош шаарында ЖЭБдин жетекчилиги коммерциялык объектилерди жылуулук тутумуна мыйзамсыз кошкон. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.



Мекеме мамлекеттик ишкананын жетекчилиги коммерциялык объектилердин ээлери менен тил табышып, жылуулук менен жабдуу тутумдарына техникалык туташуу эрежелерин бузуп, капиталдык курулуш объектилеринин техникалык параметрлерин эске албай, аларды ЖЭБге мыйзамсыз байланыштырган деп тапкан. Ошентип, жеке менчик мончолор, спорт залдар, медициналык клиникалар жана көп кабаттуу турак үйлөр кошулган.

"Алдын ала иликтөөлөргө ылайык, аталган коммерциялык объектилерден түшкөн каражаттарды ЖЭБдин жетекчилиги жана айрым кызматкерлери өздөштүрүп алышкан", - деп белгилешти УКМКдан.

Учурда келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо, ошондой эле ЖЭБдеги ушул сыяктуу фактыларды билүү боюнча тергөө-оперативдик иш-чаралар жүргүзүлүүдө.