Теңгиз Бөлтүрүк мамлекетке келтирилген зыян үчүн 844 млн сом төлөдү

1 мая 2023, 11:20

“Кумтөр Голд Компани” ишканасынын мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүккө коррупция беренеси менен иш козголуп, тергөөнүн жүрүшү менен мамлекетке  1 млрд. 146 млн. 449 мин 161 сом зыян келтирилгендиги аныкталган. Учурда Теңгиз Бөлтүрүк жана аны менен кошо айыпталгандар мамлекетке келтирилген зыяндын 80%га жакынын төлөштү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, 844 млн. 512 миң 858 сому Теңгиз Бөлтүрүк жана аны менен бирге кармалган айыпкерлерден өндүрүлүп, мамлекеттин казынасына кайтарылды.

“Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгына Теңгиз Бөлтүрүктүн жактоочулары тарабынан айыпкерди абактан үй камагына бошотуу тууралуу өтүнүч келип түшкөн. Жогорудагыларды эске алуу менен Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту тарабынан Бөлтүрүктүн бөгөт коюу чарасы үй-камагына өзгөртүлдү”, - деп айтылат маалыматта.  

Азыркы учурда кылмыш иши боюнча тергөө аракеттери жана келтирилген зыяндын калган суммасын өндүрүүгө багытталган тийиштүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.