Тейлор Свифт Forbes журналынын миллиардерлер тизмесине кирди

5 апреля 2024, 15:03

Америкалык ырчы жана аткаруучу Тейлор Свифт миллиардерлердин катарына кирди. Свифт ырлары жана аткаруулары аркылуу гана миллиардер болгон биринчи адам. Бул тууралуу Forbes басылмасы жазды. 

Маалыматка ылайык, Тейлор Свифт 2023-жылдын октябрында “Eras” турунан түшкөн кирешенин жана музыкалык каталогунун баалуулугунун аркасында миллиардер болгон. 

Учурда анын байлыгы 1,1 млрд долларды түзөт. 

2021-жылы Свифт өзүнүн биринчи алты альбомун сатыкка чыгарган.  

Белгилеп кетсек, ырчы "Love story",  “All Too Well”,  “You Belong With Me” ж.б. ырлары менен белгилүү.