«Текстиль Транс» ЖЧКсы облигация ээлерине 3,3 млн сом киреше төлөдү

2 февраля 2023, 14:50

“Текстил Транс” ЖЧКсы облигация ээлерине төлөнгөн сумманы жарыялады. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди. 

Кошулган кирешенин суммасы 3 миллион 343 миң 737 сомду түзүп, 112 облигация кармоочуга бөлүштүрүлгөн. 

Маалым болгондой, буга чейин 82 баалуу кагаз кармоочу 3 миллион 319 миң 611 сом өлчөмүндө төлөм алган. Калган 30 облигация ээси жок болгондугуна байланыштуу төлөй албай калган.