2019-жылы темир жана даяр темир жасалгалары145 млрд сомго иштетилген

3 февраля 2020, 12:30

Темир иштетүүчү ишканалардын 2019-жылдын январь-декабрь айларындагы продукциясынын көлөмү 219 млрд 184,8 млн сомду түзгөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитетинин маалыматында айтылат.

Темир иштетүү өндүрүштөрүнүн жалпы көлөмүнүн машина жана жабдууларынан сырткаркы негизги металлдардын жана даяр темир жасалгаларынын көлөмү 145 млрд 78,4 млн сомду түзгөн (өндүрүштүн жалпы көлөмүнүн 52,1 пайызын түзөт). 2019-жылдын январь-декабрь айларындагы былтыркы жылдын ушул эле убагындагы көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу көбөйүүсү (11,8 пайызга көбөйгөн) негизги металлдардын өндүрүшүнүн өсүүсү менен байланышкан.