«Дордой» конушунда 48 млн сомдук бала бакчанын курулушуна конкурс жарыяланды

24 марта 2021, 12:30

Бишкектин «Дордой» конушунда жаңы бала бакчанын курулушуна конкурс жарыяланды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

 

Маалыматка ылайык, мектепке чейинки билим берүү мекемеси 140 балага ылайыкталган. Долбоорлук-сметалык документациясы толук аяктагандыгы айтылат.

 

«Тендер мэриянын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын линиясы аркылуу ишке ашат. Бала бакчада оюн бөлмөсү, ашкана, уктоочу бөлмө, даараткана, кабыл алуучу жана медициналык бөлмө, музыкалык-гимнастикалык зал болот», - деп айтылат маалыматта.

 

Жаңы бала бакчанын алгачкы сметалык баасы 48 млн 398 миң 113 сомду түзөт. Каражат шаардык бюджеттен бөлүнөт.