Теңге сомго карата дагы эле арзандап жатат

23 июня 2022, 16:32

Улуттук банк 24-июнга карата чет элдик валюталардын сомго карата расмий курсун жарыялады. Жаңыланган маалыматтар жөнгө салуучу органдын сайтында жайгаштырылган.

Америка валютасынын наркы 0,01%га жогорулап, 79,5043 сомду түзөт.

Улуттук валюта еврого карата 0,11%га бекемделип, 83,4318 сомду түздү.

Рубль дагы 0,67%га жогорулап, 1,4817 сомду түздү.

Теңгенин сомго карата арзандоосу уланууда. Казак валютасы 2,34% төмөндөп, 0,1710 сомду түздү.