Тенгиз Бөлтүрүк “Кумтөрдүн” тышкы башкаруучу кызматынан бошотулду

22 февраля 2022, 18:33

Тенгиз Бөлтүрүк “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун тышкы башкаруучу кызматынан бошотулду. Акчабардын маалыматын компаниянын басма сөз кызматы тастыктады.

Белгилүү болгондой, эми Теңиз Бөлтүрүк «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингин жетектейт.

«Кумтөр Голд Компани» ЖАК аталган холдинге кирет.

«Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдинги президент Садыр Жапаровдун жарлыгын аткаруу максатында 2021-жылдын аягында түзүлгөн. Мекеме жер казынасын пайдалануу жана ага байланышкан тармактардагы долбоорлорду ишке ашыруу болуп саналат.