Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун ТЭОСу 1-июнга чейин даярдалат

19 декабря 2022, 10:13

Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жол долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемеси 2023-жылдын 1-июнуна чейин даярдалып, Бишкекте кеңсе ачылат. Бул тууралуу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин сайтында маалымдалды.

Долбоордун кеңсеси Бишкекте ачылаары белгиленген. Долбоорду башкаруунун формалары жана тартиби талкууланып жатат. Эл аралык каржы уюмдары менен да сүйлөшүүлөр болот.

Кошумчаласак, 14-сентябрда Самаркандда Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу боюнча 454 чакырымдык үч тараптуу меморандумга кол коюлуп, ноябрда Кытайдын Биринчи долбоорлоо-изилдөө институту тарабынан талаа изилдөөлөрү жүргүзүлгөн.