Тигүү тармагынан мамлекеттик казынага акча түшпөй келет

28 ноября 2023, 12:40

Кийим тигүү тармагы көмүскөдөн чыккан жок. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Исламбек Кыдыргычов билдирди.
 
Анын айтымында, кичи жана орто бизнести көмүскөдөн чыгаруу максатында аларга жеңилдиктерди берүү күтүлгөн жыйынтыктарды берген жок.

Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиевдин айтымында, тигүү тармагынан Соцфондго түшкөн каражаттар көбөйгөн жок.
 
Жалпысынан Бактияр Алиевдин айтымында, Социалдык фондго 1 млн 490 миң адам акча чегерет. Социалдык фондго түшкөн каражаттардын 97% мамлекеттик жана ири ишканалардын төгүмдөрү. Ал эми 0,8%ы дыйкан чарбаларынан жана жеке ишкерлерден түшөт.