2020-жылы ТикТок 7 млрд $ тапкан

29 января 2021, 17:30

ТикТок мобилдик тиркемеси өткөн жылы 7 млрд долларга жакын киреше тапкан. Бул тууралуу  Bloomberg басылмасы билдирди. 

 

Басылмадан белгилешкендей, чектөөлөргө карабастан, компания кирешесин эки эсеге көбөйтө алган, 2019-жылы кирешенин көлөмү 4 млрд долларды түзгөн. Ал эми ByteDance компаниясы отчеттук мезгил убагында 35 млрд доллар тапкан. 

 

Эксперттер ТикТоктун кирешесин Nike жана Coca-Cola сыяктуу ири компаниялардын кирешеси менен салыштырууда. ByteDance жалпы баасы 180 млрд долларга бааланган.