ТИМ кыргызстандыктарды Орусияга барбай турууга чакырды

26 марта 2024, 09:00

Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарга Орусияга барбай турууну сунуштады.

Ведомство “Крокус Сити” борборундагы куралдуу кол салуудан кийинки антитеррордук иш-чараларга байланыштуу зарыл иши болбогон кыргызстандыктарды аталган өлкөгө барбай турууга чакырат.

Белгиленгендей, Орусия чек арадан кирип-чыккан жарандарды текшерүүнү күчөттү.