Өткөн жылы Кыргызстанда 1 миң 600дөн ашык адам мамлекеттик ипотека алды

19 апреля 2023, 09:15

Өткөн жылы Кыргызстанда 1 миң 600дөн ашык адам мамлекеттик ипотека алды. Каржы министрлигинин маалыматына караганда, "Менин үйүм 2021-2026” программасынын алкагында дээрлик 4,5 миллиард сомго ипотека берилди.

Ошондой эле, Германиянын өнүктүрүү банкынын “Кыргызстандагы турак жайды каржылоо программасынын” негизинде коммерциялык банктардан былтыр жалпы 154 киши 235 миллион сомго ипотекалык насыя алган.

Белгилеп кетсек, 2023-жылдын 31-мартына карата Мамлекеттик ипотекалык компаниянын электрондук порталында үй алгысы келген 65 миң 865 адам катталган.