Өткөн жылы транспорт тармагына 3 млрд 883 млн сом бөлүнгөн

25 января 2022, 15:01

Бүгүн, 25-январдагы Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин кезектеги жыйынында Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин карамагындагы автомобиль жолдорунун абалы жана автомобиль жолдорун реконструкциялоо жана куруу боюнча ратификацияланган мыйзамдардын ишке ашырылышы тууралуу маселе каралууда.

Жыйында аталган маселе боюнча транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Нурланбек Кайынбаев маалымат берди.

Анын айтымында, 2021-жылы транспорт тармагына 3 млрд 883 млн сом бөлүнгөн. Тагыраагы, Балыкчы-Бөкөнбаев- Каракол унаа жолун реконструкциялоого 1 млрд 250 млн сом, Балыкчы-Тамчы-Корумду унаа жолун реконструкциялоого 275 млн сом, Баткен облусундагы унаа жолдорун курууга 286,5 млн сом каралган.   

“Өткөн жылы 147 км узундугунда унаа жолдору курулган. Ал эми 2019-2020-жылдарга карата Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин карызы 1 млрд 300 млн сомду түзүп, азыркы учурдагы насыялык карызынын көлөмү 850 млн сом” – деген Кайынбаев бүгүнкү күндө унаа жолдорун реконструкциялоого жана курууга багытталган 14 инвестициялык долбоор ишке ашырылып жатканын кошумчалады.