Тогуз айда Ысык-Көл 22 миң тонна таштандыдан тазаланды
Быйыл 12-марттан тарта Ысык-Көлдү масштабдуу тазалоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башчысы Бообек Ажыкеев маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, 9 айдын ичинде 200 метрден ашык тор жана 22 миң тоннадан ашык таштанды чыгарылды. Тазаланган жалпы аянт 400 миң гектарды түздү.
Кошумчалай кетсек, министр бул иш-чаралар президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жасалганын белгиледи.