Тогуз саламаттык сактооо объектисине оңдоп-түздөө иштери жүргүзүлүүдө

7 августа 2020, 16:18

Жалпысынан, капиталдык ремонт жүргүзүлүп жаткан 9 саламаттык сактооо объекттилери 1105 койкага эсептелген. Ал эми Бишкек, Ош жана Нарын шаарларында тез тургузулуучу материалдар менен 270 койкага эсептелген эксперименталдык ооруканалар курулууда. Бул тууралуу бүгүн, 7-августта брифингде Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Урматбек Кокочаров маалымдады.

Анын айтуусунда, азыркы тапта, объектилерди кыска мөөнөттүн ичинде куруп бүткөрүү пландалууда. Бул долбоорлорду ишке ашырууга республикалык бюджеттен каражат каралган.
Белгилей кетсек, бул ооруканаларга керектелүүчү медициналык жабдыктар, эмерек жана шаймандардын тизмеси Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте иштелип чыгууда.