Тогуз-Торо районунда 225 орундуу мектеп ачылды

16 января 2024, 09:35

Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районунда көп жылдан бери курулушу бүтпөй турган №8 мектеп пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, 225 окуучуга чакташкан объекттин курулушу республикалык бюджеттен каржыланган.