Токмокто милициянын тергөөчүсү пара менен кармалды

9 марта 2023, 11:01

Токмок шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын ага тергөөчүсү, милициянын ага лейтенанты Б.Б.К 50 миң сом пара алып жаткан учурда кармалды. Бул тууралуу  УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тергөөчү Б.Б.К. кылмыш жоопкерчилигине тартуу учурунда бир нече жолу жарандардан акча талап кылып, опузалоо менен алектенген. 

“Кылмыш ишинин алкагында Б.Б.К. кармалып, тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүү үчүн УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди”, - деп айтылат маалыматта.