Токтогул ГЭСиндеги суунун көлөмү 9,8 млрд кубометрге азайды

24 января 2023, 10:17

Азыркы тапта Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээли 9 миллиард 889,04 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасы билдирди.

Суу сактагычка суунун агып кириши секундасына 112 метр куб болууда. Ал эми сууну сарптоонун көлөмү секундасына 863 метр кубду түзүп, жогору бойдон калууда.

Өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырып келет. 

Эске салсак, Улуттук электр тармагы буга чейин өлкөдө электр жабдууларын үнөмдөө жана сактоо үчүн электр энергиясын өчүрүүнүн ордуна жөндөө иштери жүргүзүлүп жатканын билдирген.