Токтогул ГЭСинин дагы бир агрегатын жаңылоо иштери аяктады

12 декабря 2023, 09:15

Токтогул ГЭСинин №2 агрегатын реконструкциялоо жана модернизациялоо иштери аяктады. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Агрегатты жаңылоо жана оңдоо жумуштары быйыл 1-мартта башталган. Бул аралыкта гидроагрегаттын негизги жабдуулары, көмөкчү системалары менен бирге монтаждоо иштери аткарылды. Жыйынтыгында анын кубаттуулугу 300 мегаваттан 360 мегаваттка көбөйтүлдү.

Учурда аны сыноо жүрүп жатат.

Белгилеп кетсек, Токтогул ГЭСинин агрегаттары 48 жылдан бери алмаштырылган эмес.