2,5 жуманын ичинде Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 154,9 млн кубметрге азайган

28 октября 2019, 14:21

28 – октябрда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 17 млрд 106,49 млн кубметрди түзгөн. Бул тууралуу ААК «Электрдик станция» билдирет. 

Сунун орточо агымы секундасына 225 кубметрди түзөт, чыгаша – 410 кубметр. 

13-октябрь менен салыштырып караганда, сунун көлөмү 154,96 млн же болбосо 17 млрд 261,45 млн кубметрге азайган. Бул учурдан тарта суунун чыгашасы, агымдан секундасына 62-155 кубметрге көп боло баштаган. 

8-октябрдан 13-октябрга чейин суунун агымы жана чыгашасы бирдей болгон. Агым суу,  чыгашадан 8 – октябрдан тарта көп болуп, суу сактагычтын көлөмү жогорулаган.