26-мартка карата Токтогул суу сактагычында 8 млрд 770 млн куб метр суу бар

26 марта 2021, 10:00

Бүгүн, 26-мартта Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 млрд 770 млн куб метрди түзөт. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

 

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 179 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 225 куб метрге жетүүдө.