Токтогул суу сактагычында 14 млрд 582 млн куб метр суу бар

20 августа 2020, 14:20

Учурда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 14 млрд 582 млн куб метрди түзөт. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 590 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 335 куб метрге жетүүдө.

Белгилей кетсек, суу сактагыч Нарын дарыясынын жогорку агымындагы мөңгүлөрдүн эриген көлөмүнө жараша толот. Активдүү мезгили болуп май айынан сентябрдын ортосуна чейинки убакыт эсептелет.