Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12.6 млрд кубметрди түзгөн
Учурда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 млрд 667,5 млн кубметрди түзөт. Бул тууралуу ААК «Электрдик станция» билдирди.
Суунун агымы секундасына 163 кубметр, чыгаша секундасына - 590 кубметр.
2020-жылдын 1-январында суунун көлөмү 14 млрд 594 млн кубметрди түзгөн.
2019-жылдын 1-ноябрында суу сактагычтагы суунун көлөмү 17 млрд 34,04 млн кубметрди түзгөн.