9-мартка карата Токтогул суу сактагычында 9 млрд 276 млн куб метр суу бар

9 марта 2021, 09:45

Бүгүн, 9-мартта Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9 млрд 276 млн куб метрди түзөт. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

 

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 154 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 483 куб метрге жетүүдө.