Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 7,9 млрд куб метрди түздү

7 марта 2023, 14:32

Бүгүн, 7-мартка карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 7 миллиард 981,34 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасы билдирди. 

Маалыматка ылайык, суунун агып кириши секундасына 160 куб метр болсо, суунун чыгымы  жогору бойдон калууда. Ал секундасына 361 метр куб метр болууда. 

Өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.

"Электр станциялары" ишканасы буга чейин өлкөдө электр энергиясын үнөмдөө жана сактоо үчүн электрди өчүрүүнүн ордуна жөндөө иштери жүргүзүлөрүн билдирген.