Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9,1 млрд куб метрге түштү

6 февраля 2023, 17:09

Бүгүн, 6-февралга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээли 9 миллиард 134,63 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасы билдирди.

Маалыматка ылайык, агып кирген суунун көлөмү аз болууда (секундасына 179 метр куб). Ал эми сууну чыгымдоонун көлөмү жогору болууда (секундасына 649 метр куб). 

Өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.