24-августка карата Токтогул суу сактагычында 14 млрд 666 млн куб метр суу бар

24 августа 2020, 10:05

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 24-августта берилген маалыматка ылайык,  14 млрд 666 млн куб метрди түзгөн. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

 

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 480 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 282 куб метрге жетүүдө.

Белгилей кетсек, суу сактагыч Нарын дарыясынын жогорку агымындагы мөңгүлөрдүн эриген көлөмүнө жараша толот. Активдүү мезгили болуп май айынан сентябрдын ортосуна чейинки убакыт эсептелет.