Токтогулдагы суунун көлөмү 12 млрд куб метрден ашты

30 июня 2022, 09:30

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 миллиард метр кубдан ашты. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык. бул былтыркы жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу туура 1 миллиард кубометрге көп. 2021-жылдын 30-июнунда өлкөнүн башкы резервуарында суунун көлөмү 11 миллиард 60 миллион куб метр болчу.

Белгилеп кетсек, суу сактагыч Нарын дарыясынын жогорку агымындагы мөңгүлөрдүн эриген көлөмүнө жараша толот.